Бишкекте куурчак театрында өрт чыкты

© пресс-служба МЧСӨзгөчө кырдаалдар министрлиги борбордогу Мамлекеттик куурчак театрынын алдында. Архив
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги борбордогу Мамлекеттик куурчак театрынын алдында. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өрт өчүрүүчүлөр имараттан 10 баланы алып чыкты. Истен бир адам жабыркаган.

БИШКЕК, 16-фев. — Sputnik. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлагандай, борбордогу Мамлекеттик куурчак театрында өрт чыкты. 

Өрт тууралуу маалымат саат 15.04 чамасында келип түшкөн. Ал жерге эки өрт өчүрүүчү унаа жөнөтүлүп, тилсиз жоо саат 15:39 да өчүрүлгөн. 

© пресс-служба МЧС КРМамлекеттик куурчак театрындагы өрт.
Пожар в здании Республиканского кукольного театра - Sputnik Кыргызстан
Мамлекеттик куурчак театрындагы өрт.

Болжол менен имараттын 50 чарчы метри күйүп кеткен. 10 бала өрт чыккан жерден чыгарылып, бир адам жабыркап иске уулангандыктан, тез жардам кызматы чакырылган. Тилсиз жоо чыккан жерде өрт өчүрүүчүлөр иштешти. Алдын ала алынган маалыматтар боюнча, курман болгондор жок.

Жаңылыктар түрмөгү
0