Жаңы төрөлгөн кызын 20 миң сомго сатып жиберген аял кармалды

Жазылуу
Буга чейин эки баланын энеси болуп келген 26 жаштагы келин үчүнчү перзентин бага албагандыктан сатып жиберүүнү чечкен.

БИШКЕК, 12-фев. — Sputnik. Жаңы төрөлгөн ымыркай кызын 20 миң сомго сатып жиберген аял кармалганын ИИМ билдирди.

Маалыматка ылайык, төрөгөнгө чейин 26 жаштагы келин Бишкектеги жаңы конуштардын биринде жашап, базарда короо шыпыргыч болуп иштеп келген. Аялдын буга чейин эки баласы болгон. Күйөөсү менен мал багып күн кечирген үй-бүлө үчүн үчүнчү перзент оорчулук келтиргендиктен аны сатып жиберүүнү чечип, бул тууралуу жакындарына, тааныштарына айтышкан. 

© пресс-служба МВД КРЗадержанная женщина, продавшая своего новорожденного ребенка
Задержанная женщина, продавшая своего новорожденного ребенка - Sputnik Кыргызстан
Задержанная женщина, продавшая своего новорожденного ребенка

Акча жана ымырскайдын соскасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ошто аял ымыркайын акчага муктаждыгынан улам балага зар жаранга сатып жиберген
Ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында аталган үй-бүлөнүн Нарын облусунда жашап жатканы аныкталган. Аял 2015-жылдын жай айында Бишкектеги төрөт үйлөрүнүн биринде көз жарып, сүйлөшүлгөн боюнча ымыркайды сатып жиберген.

Укук коргоо органдарынын кызматкерлери сатылган бала чоңоюп жаткан үй-бүлөнү да табышкан. Белгилүү болгондой ымыркайды Бишкектин 42 жаштагы тургуну багып алган. Алдын ала маалымат боюнча наристе жакшы шартта жашап жатканы белгилүү болду. 

Учурда бул боюнча бардык материалдар кийинки иликтөө иштерин үчүн Биринчи Май РИИБ тергөө бөлүмүнө берилди.

Жаңылыктар түрмөгү
0