Көп кабаттуу үйдөгү өрттүн себеби аныкталды

© Sputnik / Михаил РогожинБишкектин Элебаев менен Кулатов көчөлөрүнүн кесилишиндеги көп кабаттуу турак жайда өрттөн кийин кесепети. Архив
Бишкектин Элебаев менен Кулатов көчөлөрүнүн кесилишиндеги көп кабаттуу турак жайда өрттөн кийин кесепети. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
13 кабаттуу үйдө чыккан өрт дээрлик төрт сааттан кийин өчүрүлгөн. Андан жабыркагандар жок экени маалымдалууда.

БИШКЕК, 10-фев. — Sputnik. Бишкектин Элебаев менен Кулатов көчөлөрүнүн кесилишиндеги көп кабаттуу турак жай электр чубалгыларынан чыккан жалындан улам өрттөнгөнүн ӨКМ билдирди.

Бишкек шаарында жаңы курулуп жаткан көп кабаттуу үйдүн чатырын өрт каптады
Маалыматка ылайык, кечээ, 9-февраль күнү саат 21.01де 13 кабаттуу имараттагы пентхауста өрт чыккан. Күбөлөрдүн айтымында, күндүз аталган кабатта жумушчулар иштеген. Өрттүн натыйжасында 400 чарчы метр аянтта жайгашкан пентахустун чатыры кулап түшкөн. 

Окуя болгон жерге келген өрт өчүрүүчүлөр кырсык менен үч сааттан ашуун убакыт күрөшүп, түнкү саат бирде өчүрүлгөн.

ӨКМнин айтымында, кырсыктан жабыркагандар катталган жок.

Жаңылыктар түрмөгү
0