Борбор калаадагы "Россия" кинотеатрында өрт чыкты

Жазылуу
Окуя болгон жерге өрт өчүрүүчүлөр келди. Жабыр тарткандар жок.

БИШКЕК, 8-фев. — Sputnik. Борбор калаадагы "Россия" кинотеатрында өрт чыкканын ӨКМдин маалымат кызматынан Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине билдирди.

Маалыматка ылайык, саат 22.08да имаратта өрт чыкканы боюнча билдирүү түшкөн. Окуя болгон жерге келген өрт өчүрүүчүлөр тилсиз жоонун алдын алышкан.

Алдын ала маалыматтарга ылайык, өрт вентеляциялык шахтада чыккан. Жабыр тарткандар жок.

Жаңылыктар түрмөгү
0