ШИИБ: Бишкектин акча алмаштыруучу жайынан 36 миң доллар уурдап кетишти

Жазылуу
Эки күн мурун имаратка белгисиз адамдар кирип келип, кызматкерди сабап акчасын алып кетишкен.

БИШКЕК, 8-фев. — Sputnik. Байтик баатыр менен Скрябин көчөлөрүнүн кесилишинде орун алган акча алмаштыруучу жайдан 36 миң доллар уурдап кетишкенин ШИИБ билдирди.

Окуя 6-февраль күнү болгон. Арыз жазуучунун айтымында, бет кап кийген эки адам имаратка кирип келип, аны ур-тепкиге алып, сейфтен акча алып кетишкен.

Окуянын чоо-жайы тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн азырынча айтылбай турат. Учурда кылмышка шектүү жарандар изделүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0