Жалал-Абадда түрмөнүн жерин менчикке берип жиберген кызматкерлерге кылмыш иши козголду

© Sputnik / Таалай ОроскуловЖалал-Абад. Архив
Жалал-Абад. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ачыкка чыккан коррупциялык схемага шаардык мэрия, архитектура башкармалыгы, ЖАМК башкармалыгы жана каттоо кызматынын жетекчилеринин тиешеси бар экени аныкталды.

БИШКЕК, 8-фев. — Sputnik. Жалал-Абад шаарында түзөтүү колониясына таандык бир гектар жер жеке менчикке өтүп кеткен факты аныкталганын ИИМ билдирди.

Кол кишен жана акча. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жер алып берем деп жаранды 4000 долларга алдап кеткен аял тузакка түштү
Маалыматка ылайык, шаардык мэрия, архитектура башкармалыгы, ЖАМК башкармалыгы жана Каттоо кызматынын жооптуу кызматкерлери жең ичинен сүйлөшүп, мамлекеттин менчигиндеги жер аянттарын жеке менчикке өткөрүү боюнча коррупциялык схема иштеп чыгышкан. 

Мындай мыйзамсыз аракеттен улам мамлекетке 6,1 миллион сом зыян келтирилгени анык болду. Бул боюнча Жалал-Абад облустук прокуратурасы тарабынан "Коррупция" беренесинин негизинде кылмыш иши козголуп, учурда тергөө жүрүп жатканы маалымдалды.

Жаңылыктар түрмөгү
0