23:28 16 Үчтүн айы 2018
Түз эфир
От. Архив

Күйөөсү бензин чачып өрттөгөн аялдын денесинин 75 пайызы күйүп калган

© flickr.com / Rowan Saunders
Окуялар
Кыскача шилтеме алуу
305 0 0

Нарын шаарынын тургуну өзүн жана аялын бензин чачып өрттөп жиберген. Алдын ала маалыматтар боюнча мындай кадамга үй-бүлөдөгү чыр-чатак алып келген.

БИШКЕК, 7-фев. — Sputnik. Нарын шаарында өзүн жана аялын өрттөгөн жаран менен жубайы оор абалда ооруканага алып келинген. Нарын облустук оорукананын башкы дарыгери Мурат Атбаевдин айтымында, аялдын денесинин 75 пайызы күйүп калган. Ал эми эркек кишинин денесинин 30-32 пайызы күйүп калган.

Нарын шаарынын тургуну өзүн жана аялын бензин чачып өрттөп жиберген. Алдын ала маалыматтар боюнча мындай кадамга үй-бүлөдөгү чыр-чатак алып келген.

"Аял кишинин абалы өтө оор, эркек кишинин да абалы салмактуу. Учурда аларга жардам берилүүдө", — дейт Атбаев.

Милиция кызматкерлеринин айтымында, жубайлар Нарын шаарына жакында эле көчүп келишкен жана ажырашууга бир нече жолу аракет кылышкан. Алардын балдары болгон эмес.

Кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүүдө.

Тема боюнча

ИИМ: үй-бүлөлүк чырдан улам киши өзүн жана аялын өрттөгөн
Белгилер:
кылмыш иши, Мурат Атбаев, Нарын
Колдонуу эрежелериПикирлер

ЭҢ МААНИЛҮҮ