17:22 16 Үчтүн айы 2018
Түз эфир
Ширеңке. Архив

ИИМ: үй-бүлөлүк чырдан улам киши өзүн жана аялын өрттөгөн

© flickr.com / Jeff Turner
Окуялар
Кыскача шилтеме алуу
498 0 0

Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, Нарынга жакында эле көчүп келген жубайлар буга чейин ажырашууга бир нече жолу аракет кылышкан.

БИШКЕК, 7-фев. — Sputnik. Нарын шаарынын тургуну өзүн жана аялын өрттөп салганын ИИМдин маалымат кызматы билдирди.

Милициянын маалыматына ылайык, Нарын шаарынын тургуну аялынын жумушуна келип, көтөрө келген бензинди чачып, өзүн жана жубайын өрттөгөн.

"Териштирүү учурунда аныкталгандай киши жубайы иштеген туристтик фирмага келип, ал жактагы кызматкерге аялы менен сүйлөшө турганын айтып, анын чыгып туруусун суранган", — деп ИИМден билдиришти.

Жаш жубайлар коллегалары тарабынан куткарылган. Алар бөлмөдөн түтүн чыкканын байкашып, эшикти сындырышкан. Жабыр тарткан эки жаран тең Нарын облустук оорукананын кайра жандандыруу бөлүмүнө оор абалда жеткирилген. Мындай каргашалуу окуянын чыгышына үй-бүлөлүк чыр-чатак себеп болушу мүмкүн.

Милиция кызматкерлеринин айтымында, жубайлар Нарын шаарына жакында эле көчүп келишкен жана ажырашууга бир нече жолу аракет кылышкан. Алардын балдары болгон эмес.

Кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүүдө.

Тема боюнча

Москвада КР жарандарын өрттөнүп кеткен цехке жайгаштырган киши изделип жатат
Өрт өчүрүүчүлөр Бишкекте 12 кишини куткарып калышты
Белгилер:
Өрт, трагедия, Нарын
Колдонуу эрежелериПикирлер

ЭҢ МААНИЛҮҮ