РФтен чыгарылган уулунун аты-жөнүн өзгөртүп кайра жиберген ЗАГС кызматкери кармалды

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргыз Республикасынын жаранын паспорту. Архив
Кыргыз Республикасынын жаранын паспорту. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мыйзам боюнча ЗАГС кызматкерлери өзүнүн, үй-бүлө мүчөлөрүнүн, тууган-туушкандарынын жарандык актыларын каттоого акысы жок.

БИШКЕК, 4-фев. — Sputnik. Россиядан депортацияланып келген уулунун аты-жөнүн толугу менен өзгөртүп, кайра жиберип жиберген Чүй облусунун ЗАГС кызматкерине карата кылмыш иши козголгонун ИИМ билдирди.

Мыйзам боюнча ЗАГС кызматкерлери өзүнүн, үй-бүлө мүчөлөрүнүн, тууган-туушкандарынын жарандык актыларын каттоого акысы жок.

Оштун аэропорту. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ошто Түркияга КР жаранынын паспорту менен сапар алган грузиялык кармалды
Ага карабастан 2013-жылы аталган облустагы райондук ЗАГС бөлүмүнүн кызматкери Россиядан депортацияланып келген уулунун аты-жөнүн өзгөртүп, башка идентификациялык маалымат менен кайра жиберип жиберген. Мындан тышкары, анын никеге тургандыгы тууралуу мыйзамсыз акт каттап, күбөлүк бергени аныкталган.

Бул факты боюнча прокуратура Кылмыш жаза кодексинин 304-беренесинин (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) негизинде кылмыш ишин козгоду. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0