Ошто Түркияга КР жаранынын паспорту менен сапар алган грузиялык кармалды

© Sputnik / Табылды Кадырбеков / Медиабанкка өтүүОштун аэропорту. Архив
Оштун аэропорту. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Грузиянын жараны Оштун аэропортунан колго түшүрүлгөн. Текшерүү маалында анын паспорту башка адамга таандык экени аныкталган.

БИШКЕК, 4-фев. — Sputnik. Ошто Түркияга кыргызстандык жаранга таандык паспорт менен учууга аракет кылган грузиялык жаран кармалганын Мамлекеттик чек ара кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 43 жаштагы жаран "Ош-аэропорт" көзөмөл пунктунан жасалма жалпы жарандык жана чет элдик паспорт менен өтүү маалында кармалган.

Тийиштүү документтер толтурулгандан кийин Грузиянын жараны укук коргоо органдарынын кызматкерлерине берилди.

Жаңылыктар түрмөгү
0