Өрт өчүрүүчүлөр Бишкекте 12 кишини куткарып калышты

Жазылуу
Эвакуацияланган жарандардын төртөө — балдар экени белгилүү болду. Өрттүн себеби азырынча билине элек.

БИШКЕК, 3-фев. — Sputnik. Бишкекте чыккан өрт кырсыгынан өрт өчүрүүчүлөр 12 адамды сактап калышты. Алардын арасында төрт бала бар экенин ӨКМ билдирди.

Кырсык кечээ "Курулушчулар шаарчасы" кичи районунда болгон. Куткаруучулар өрт №7 үйдүн кампа үчүн бөлүнгөн жайынан чыкканын айтышкан. 

Маалыматка ылайык, кырсыктан үй-тиричилик буюмдары жана курулуш материалдары күйүп кеткен. Ал эми окуянын чоо-жайы учурда иликтенип жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0