Жайылда "старшина" инкассатордук унааны карактап кетти

Жазылуу
Инкассатордун жарадар болгон айдоочусу аны жолдон камуфляж кийген жаран токтотконун айтты. Унаа май куюучу жайдан чыгып, үч күндүк акчаны ташып бара жаткан.

БИШКЕК, 2-фев. — Sputnik. Жайыл районунда "ГазпромнефтьАзия" компаниясына таандык инкассатордук унаа тонолгонун Sputnik Кыргызстан агенттигине Чүй облусунун ИИБ билдирди.

Маалыматка ылайык, кечээ болжол менен саат 15.30да милицияга райондук ооруканадан ок жеп жарадар болгон 46 жаштагы жаран тууралуу маалымат түшкөн. Укук коргоо кызматкерлерине инкассатордун айдоочусу аны жолдон старшинанын погондору тагылган камуфляж кийген киши таяк менен токтотконун айтып берген. 

"Ал айдоочулук күбөлүктү талап кылып, алып берейин деп эңкейгенде айдоочуну жамбашка эки жолу атып жиберген", — дешти милициядан.

Жалпы жонунан каракчылар 1 миллион 250 миң сом алып кетишкен. Бул компаниянын аталган райондогу үч күндүк кирешеси болчу.

Кол кишенчен адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте таксистти эс-учунан тандыра сабап унаасын айдап кеткендер кармалды
Бул боюнча Кылмыш жаза кодексинин 168-беренесинин (Каракчылык) негизинде кылмыш иши козголду. Учурда унаага кол салган адамга издөө жарыяланды.

Мындан тышкары, тергөөчүлөр инкассатордо жалгыз эле айдоочунун болгондугун иликтеп жатышат. Шарт боюнча акча ташыган унаада үчтөн кем эмес кызматкер болушу керек.

Милиция инкассатордук унаа жол инспекторунун тосконунан токтобой кетүүгө акысы бар экенин белгилейт. 

Муну менен бирге ок кайсы ракурстан атылганы боюнча териштирүү жүрүп жатат. Укук коргоо органдары айдоочу өзүн өзү атып алышы мүмкүн деген ойду да четке какпайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0