БИШКЕК, 2-фев. — Sputnik. Кочкор райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Финансы полициясынын кызматкерине 50 миң сом пара берип жаткан жеринен кармалганын аталган мекеме билдирди.
Маалыматка ылайык, бөлүм башчы мыйзамсыз тендер өткөргөндүгү боюнча ишти текшерүүнү токтотуу максатында акча сунуштаган. Жаран Финансы полициясы менен Нарын облустук прокуратуранын биргелешкен аракетинин натыйжасында колго түшүрүлгөн.
Бул факты боюнча Кылмыш жаза кодексинин 314-беренесинин (Пара берүү) негизинде кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери жүрүп жатат.