Дем алыш күндөрү республика боюнча 18 өрт катталып, андан 3 киши каза болду

Жазылуу
Адам өмүрүнө забын болгон кырсыктар Талас жана Кара-Балта шаарларында катталган. Биринде мас абалындагы адам күйүп кетсе, экинчи учурда кырсыктан эки бир тууган каза болгон.

БИШКЕК, 1-фев. — Sputnik. Өткөн апта соңунда Кыргызстан боюнча 18 өрт кырсыгы катталганын, анын эки учуру адам өлүмү менен коштолгонун ӨКМ билдирди.

Москвадагы тигүү цехинде чыккан өрттөн 8 кыргызстандык каза болду
Маалыматка ылайык, Талас шаарынын Айтматов көчөсүндө жайгашкан үйдөн өрт чыгып, 48 жаштагы ижарачы Марс Бапышев күйүп каза болгон. Кырсык болгон учурда анын мас экени айтылып жатат.

Ал эми Кара-Балта шаарында да үй өрттөнүп, ал жерден эки бир тууган — 39 жаштагы Илдияр Зульяров жана 34 жаштагы Ислам Зульяровдун жансыз денелери табылган. Мындан тышкары, үйдүн ичиндеги 70 жаштагы Амина Мамутова менен 40 жаштагы Нургүгү Зульярова оор абалда Жайыл райондук ооруканага жеткирилишкен.

Жаңылыктар түрмөгү
0