Петровкада айдоочу жолдо отурган мас аялды коюп кетти

© Sputnik / Жоомарт Ураимов Жүргүнчү жол көрсөткүчү. Архив
Жүргүнчү жол көрсөткүчү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Mercedes-Benz Sprinter унаасын башкарып келе жаткан айдоочу аялды кеч байкап калган.

БИШКЕК, 29-янв. — Sputnik. Москва районунун Петровка айылында чыгышты көздөй кетип бара жаткан айдоочу жолдо отурган мас аялды коюп, натыйжада анын ошол жерде каза болгонун Чүй ОИИБ билдирди.

Маалыматка ылайык, кырсык кечээ таңда катталган. 39 жаштагы айдоочу караңгыда жол ортосунда отурган жолоочуну өз убагында көрбөй калган. Каза болгон аял болжол менен 50-55 жаштагы европа улутунда экени айтылууда. 

Сөөк аймактык өлүкканага жеткирилип, соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Ал эми унаа айып короого токтотулуп, иликтөө иштери башталганы белгилүү болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0