Муниципалдык менчик башкармалыгынын кызматкерлерине кылмыш иши козголду

© Фото / Нургазы ЧыныбековБишкек мэриясынын имараты. Архив
Бишкек мэриясынын имараты. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жооптуу кызматкерлер жер тилкесин ижарага берүү боюнча мыйзамсыз келишим түзүп, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып келишкен.

БИШКЕК, 29-янв. — Sputnik. Бишкек мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын жооптуу кызматкерлери жер тилкесин ижарага берүү боюнча мыйзамсыз келишим түзгөн учуру катталганын ИИМ билдирди.

Кол кишен жана акча. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жер алып берем деп жаранды 4000 долларга алдап кеткен аял тузакка түштү
Маалыматка ылайык, Бишкек тургуну көп жылдан бери өзүм билемдик менен муниципалдык менчиктеги жерге дүкөн куруп, эч кандай уруксат кагазы жок, ижара акысын төлөбөстөн ишмердүүлүгүн жүргүзүп келген. 

Өзүм билемдикке көз жуумп келишкен башкармалыктын кызматкерлери былтыркы жылдын соңунда аталган жаран менен дүкөн курулган жерди ижарага берүү боюнча мыйзамсыз келишим түзүшкөн. 

Бул факты боюнча Биринчи Май райондук прокуратура тарабынан башкармалык кызматкерлерине карата "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренелеринин негизинде кылмыш иши козголду.

Тергөө иштери жүрүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0