Сузакта бирөөнүн 22 миң долларлык унаасын айдай качкан депутат колго түштү

© Фото / Nate Steiner / wheel gripАйдоочу. Архив
Айдоочу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
43 жаштагы жаран шылуунчулукка шектелип издөөгө алынган. Милиция кызматкерлери аны Бишкектен кармашты.

БИШКЕК, 28-янв. — Sputnik. Шылуунчулукка шектелип, издөөгө алынган Сузак районунун жергиликтүү кеңешинин депутаты колго түшүрүлгөнүн ИИМ билдирди. 

Маалыматка ылайык, мындан эки жыл мурун аталган депутат ишенимге кирип бирөөнүн 22 миң долларлык Subaru Outback үлгүсүндөгү унаасын айдап, ошол боюнча дайынсыз кеткен.

Токтоп турган унаалар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте унаалардын номерин уурдап, ал үчүн кайра акча талап кылган топ кармалды
Бул боюнча 2015-жылы кылмыш иши козголгон. Бирок унааны алып кеткен киши дарегин өзгөртүп жибергендиктен аны кармоо мүмкүн болгон эмес. Издөө жарыяланып, Сузак райондук соттун чечими менен аны камакка алуу өкүмү чыккан.

26-январда шектүү жарандын Бишкек шаарындагы Шопоков көчөсүндө жайгашкан үйлөрдүн биринде баш калкалап жатканы белгилүү болгон. 

Учурда депутат кармалып, Бишкек ШИИБнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

43 жаштагы Сузак районунун тургуну 2012-жылы айыл аймактарынын биринде жергиликтүү кеңешке депутат болуп шайланып, учурда ишмердүүлүгүн улантып жаткан эл өкүлү болуп саналат.

Жаңылыктар түрмөгү
0