УКМК: эсеп палатасынын инспектору 900 доллар пара алып жатып кармалды

Жазылуу
Эсеп палатасынын кызматкери жалпы жонунан мекеме жетекчисинен 2000 доллар акча талап кылган. Акчанын бөлүгүн ал кармалганга чейин алып койгон.

БИШКЕК, 28-янв. — Sputnik. Эсеп палатасынын мамлекеттик инспектору 900 доллар өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен кармалганын УКМК билдирди.

Милиция баш кийими жана акча. Архив - Sputnik Кыргызстан
Тергөөчүнүн ой-боюна койбой пара берген адвокат колго түштү
Маалыматка ылайык, инспектор мамлекеттик мекеменин жетекчисинен текшерүү учурунда финансы-чарбалык жагында табылган мыйзам бузууларды актыга киргизүү опузасы менен 2 миң доллар талап кылган. Буга чейин акчанын 1100 долларын алып койгону белгилүү болду.

Бул факты боюнча Кылмыш жаза кодексинин "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" жана "Пара талап кылуу" беренелеринин негизинде кылмыш иши козголду. 

Инспектор УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, бул иш боюнча иликтөө улантылып жатат. 

Жаңылыктар түрмөгү
0