Жер алып берем деп жаранды 4000 долларга алдап кеткен аял тузакка түштү

Жазылуу
Жабырлануучу арыз менен укук коргоо органдарына кайрылган. Натыйжада Жалал-Абад облусунун 43 жаштагы тургуну колго түшүрүлүп, ага карата кылмыш иши козголду.

БИШКЕК, 28-янв. — Sputnik. Жер тилкесин алып берем деп Бишкектин 26 жаштагы тургунунан 4000 доллар алып, из суутуп кеткен аял кармалганын Чүй ОИИБ билдирди.

Чөнтөкө салынган акча. Архив - Sputnik Кыргызстан
Данияга окууга жиберем деп алдап жарандардын акчасын алып жүргөн аял кармалды
Маалыматка ылайык, соодалашуу былтыркы жылдын жай айында болгон. Жабырлануучунун арызынын негизинде милиция кызматкерлери Жалал-Абад облусунун 43 жаштагы тургунун колго түшүрүштү.

Аталган факты боюнча Кылмыш жаза кодексинин 166-беренесинин (Шылуунчулук) негизинде кылмыш иши козголуп, кармалган аял убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0