Тергөөчүнүн ой-боюна койбой пара берген адвокат колго түштү

© Sputnik / Табылды КадырбековМилиция баш кийими жана акча. Архив
Милиция баш кийими жана акча. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жактоочу тергөөчүнүн айыпталып жаткан жарандардын баш коргоо чарасын өзгөртүү жана кийин кылмыш ишин биротоло токтотуусу үчүн пара сунуштаган.

БИШКЕК, 27-янв. — Sputnik. Тергөөчүгө кылмыш ишин териштирүүнү токтотуусу үчүн 2 миң доллар пара берип жаткан адвокат кармалганын Башкы прокуратура билдирди.

Акча жана кишен. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте автомектептин директорунун орун басары пара берип жатып кармалды
Маалыматка ылайык, аталган адвокат Жумгал райондук сотунун пара талап кылуу жана алуу боюнча кылмыш иштин негизинде кармалган жарандарды жактап келген. Ишти иликтөө маалында адвокат Башкы прокуратуранын тергөө башкармалыгынын тергөөчүсүнө кармалгандардын жаза чарасын өзгөртүп, кылмыш ишти жабуу үчүн акча сунуштаган.

Үстүбүздөгү жылдын 26-январында тийиштүү орган кызматкерлери шаардагы кафелердин биринен тергөөчүгө 2 миң доллар берип жаткан жеринен кармалган.

Ошол эле күнү ал убактылуу кармоочу жайга киргизилип, учурда тергөө иштери улантылып жатканы айтылууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0