Элди 60 миң долларга алдап кеткен шылуунга кылмыш иши козголду

Жазылуу
Кылмышка шектүү жаран Бишкектин 51 жаштагы тургуну болуп чыкты. Милиция кызматкерлери Жумабаевдин алдамчылыгынан жабыр тарткан жарандарды байланышууга чакырат.

БИШКЕК, 26-янв. — Sputnik. Биринчи Май райондук ИИБи жарандардын ири көлөмдөгү акчасын алып дайынсыз кеткен Бишкектин 51 жаштагы тургуну кармалганын билдирди.

Чөнтөкө салынган акча. Архив - Sputnik Кыргызстан
Данияга окууга жиберем деп алдап жарандардын акчасын алып жүргөн аял кармалды
Кылмышка шектүү делген Урматбек Жумабаев былтыр декабрда Toyota Land Cruiser унаасын сатып алам деп 29 жаштагы машина ээсин 17 миң долларлык зыянга учураткан. Ушул эле жылдын январында алдоо жолу менен 41 жаштагы тургунга тиешелүү кыймылсыз мүлктүн документтерине ээлик кылып алган.

Учурда Жумабаевдин мыйзамсыз аракеттери боюнча 10 жарандан арыз түшкөн. Анын шылуунчулугунан жарандарга келтирилген зыяндын жалпы көлөмү 60 миң долларды түзгөнү аныкталды.

Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, учурда тергөө амалдары улантылып жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0