Өз энесин салат идиши менен өлтүрө чапкан жаран кармалды

Жазылуу
Алдын ала маалымат боюнча эне-баланын ортосунда чыр акчадан улам келип чыккан. Бир нече жолу сокку жеген аял алган жарааттарынан кийин көз жумганы белгилүү болду.

БИШКЕК, 25-янв. — Sputnik. Өз энесин салат салган идиш менен өлтүрө чапкан жаран кармалганын ИИМ билдирди.

Ленин районунун ИИБнин кезмет бөлүмүнө Бах көчөсүндө жайгашкан үйлөрдүн биринде киши колдуу болуп өлгөн аялдын денеси табылганы тууралуу маалымат түшкөн.

Сот балкасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Өзбекстанда милиционердин үй-бүлөсүн өлтүрүп кеткендер 25 жылга кесилди
Окуя болгон жерге келген милиция кызматкерлери бир нече ирет жараат алган 66 жаштагы Нарынбүбү аттуу аялдын сөөгүн табышкан. Алдын ала маалымат боюнча аялдын баш сөөгү жабыркап, мээсине доо кеткен.

Бул факты боюнча Кылмыш жаза кодексинин 97-беренесинин (Адам өлтүрүү) негизинде кылмыш иши козголуп, ага шектүү катары Нарын облусунун 44 жаштагы Дамир аттуу тургуну кармалды. 

Милициянын алдын ала маалыматы боюнча Дамир энесинин үйүнө келип, экөөнүн ортосунда акчага байланышкан чыр чыккан. ШИИБ уулу энесин бир нече жолу салат салган хрусталь идиш менен урганын маалымдоодо.

Тергөө иштери улантылып жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0