Өзбекстанда милиционердин үй-бүлөсүн өлтүрүп кеткендер 25 жылга кесилди

© Sputnik / Максим Богодвид / Медиабанкка өтүүСот балкасы. Архив
Сот балкасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бир жыл мурун Хаккулабад шаарында мыкаачылык менен милиционердин үй-бүлөсү өлтүрүлгөн — үй ичинен кызматкердин энесинин, аялынын жана төрт жашар баласынын сөөгү табылган.

БИШКЕК, 25-янв. — Sputnik. Наманган облустук соту Өзбекстандын ИИМ кызматкеринин үч үй-бүлө мүчөсүн мыкаачылык менен өлтүрүп кеткен төрт жергиликтүү жаранды 15 жылдан 25 жылга чейин эркинен ажыратуу боюнча чечим кабыл алды. Бул тууралуу соттун өкүлүнө таянуу менен РИА Новости билдирди.

Былтыркы жылдын 22-февралында Наманган облусундагы Норин районунун Хаккулабад шаарында дарыядан бир үй-бүлөнүн үч мүчөсүнүн сөөгү табылган. Алар Ташкентте тергөө бөлүмүндө иштеген милиция кызматкеринин жакындары экени аныкталган. Алардын ичинен 2,5 айлык эмчектеги бала калып, аны кылмышкерлер окуя болгон жерге жакын жайгашкан үйлөрдүн биринин эшик алдына таштап кетишкен.

"Сот процессинин жүрүшүндө киши өлтүрүүгө кылмышкерлердин биринин кеги себеп болгону далилденди. Ал жеке компанияда иштеген жеринен бошотулганы үчүн өчөшүп калган", — деп айтылат билдирүүдө.

Ишти Улуттук коопсуздук кызматы менен Наманган ОИИБ биргеликте иликтеген. 

Өспүрүм бала. Архив - Sputnik Кыргызстан
2015-жылы чоңдордун колунан 16 баланын өмүрү кыйылган
Өлтүрүүгө буюртма берген Азизбек Ахмедов 20 жылга кесилсе, аны аткарган Исмаилов менен Хусанов 25 жылга эркинен ажыратылды. Кылмышка тиешеси бар дагы өспүрүм 15 жылга камакка алынды.

Буга чейин жергиликтүү маалымат каражаттары милиция кызматкеринин үй-бүлөсүнүн өлтүрүлүшү анын кызматтык ишмердүүлүгүнө байланыштуу экенин жазып чыгышкан. Бирок ИИМ бул маалыматты четке кагып келген.

Өзбекстанда өлүм жазасы 2008-жылы жоюлган. Республиканын Кылмыш жана жаза кодексине ылайык, жазага тартылган адам 6 айдан 20 жылга чейин эркинен ажыратылат. Ал эми 20 жылдан 25 жылга чейин атайылап киши өлтүрүүгө барган же терроризм үчүн соттолгон айыпкерлер кесилет. аялдар, өспүрүмдөр жана 60 жаштан кийинки жарандар узак мөөнөткө эркинен ажыратылбайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0