Мыйзамсыз аскердик билет берген аскер комиссариаты аныкталды

© Sputnik / Игорь Зарембо / Медиабанкка өтүүАскердик билет документацияларын көтөрүп бараткан кызматкер. Архив
Аскердик билет документацияларын көтөрүп бараткан кызматкер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аскердик билет буга чейин Бажы кызматында эмгектенип келген жаранга берилген.

БИШКЕК, 25-янв. — Sputnik. Биринчи Май районунун аскер комиссариатынын мыйзамсыз аскердик билет берген учуру катталганын УКМК билдирди.

Жети-Өгүздө жалган аскер билетин берген комиссариаттын кызматкерлери аныкталды
Маалыматка ылайык, жасалма аскердик билет алган жаран 2004-жылы саптан тышкары кызматка жарактуу деп табылып, альтернативдүү кызматка чакырылган. Бирок, 2013-жылы гарнизондук жана госпиталдык аскер-дарыгерлик комиссиясынан медициналык кайра күбөлөндүрүүдөн өтпөй, мыйзам бузуу менен аталган комиссариаттан аскердик билет алган.

Бул факты боюнча чогултулган материалдардын негизинде Аскер прокуратурасы тарабынан Кылмыш жана жаза кодексинин 304-беренесинин (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 315-беренесинин (Кызматтык жасалмачылык) негизинде кылмыш иши козголду.

Азыркы маалда тергөө иштери жүрүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0