Сокулукта жер тилкесин сатканын танып кеткен жаранга кылмыш иши козголду

© Sputnik / Руслан Кривобок / Медиабанкка өтүүДарбазага илинген тактача. Архив
Дарбазага илинген тактача. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкектин тургуну Сокулук районунда жайгашкан "Ала-Тоо-3" жаңы конушундагы жер тилкесин сатып, бир жылдан кийин анысын танып кеткен.

БИШКЕК, 25-янв. — Sputnik. Сокулукта жер тилкесин сатканын танып кеткен 36 жаштагы Бишкек шаарынын жашоочусуна кылмыш иши козголгонун Чүй ОИИБ билдирди.

Кол кишен. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бир жерди эки кишиге сатып, качып кеткен аял колго түштү
Маалыматка ылайык, милицияга 49 жаштагы Бишкектин тургуну кайрылган. Анда ал 2014-жылы Талантбек аттуу жарандан "Ала-Тоо-3" жаңы конушунда жайгашкан жер тилкесин сатып алганын, бирок бир жылдан кийин ал жер сатканын танып, тилкеге ээлик кылып жатканын айткан.

Сокулук РИИБ аталган кылмышка шектүү катары Талантбек аттуу жаранды колго түшүрүп, ага Кылмыш кодексинин 166 беренеси (Шылуунчулук) боюнча кылмыш ишин козгоду. Учурда кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө иштери улантылып жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0