Жүк ташуучу унаалардын 15 радиаторун уурдап кеткендер колго түштү

© Sputnik / Виталий Белоусов / Медиабанкка өтүүКишен. Архив
Кишен. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Милиция кызматкерлери түшкөн арыздын негизинде териштирүү баштап, окуя болгон жерден кылмышка шектүү жаранды кармашкан.

БИШКЕК, 25-янв. — Sputnik. Жүк ташуучу унаалардын радиаторлорун уурдап кеткен жаран кармалганын ИИМ кабарлады.

Уй айдап бара жаткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Былтыр ууру-кескилер Жалал-Абад облусунда 10,6 миллион сомдук малга кол салган
Билдирүүгө ылайык, Бишкек шаарындагы автобазалардын биринен "МАЗ" унааларынын 15 радиатору уурдалганы тууралуу маалымат түшкөн. Окуя болгон жерге келген милиция кызматкерлери кылмышка шектүү жаранды колго түшүрүштү. 

Келтирилген материалдык чыгым 150 миң сомду түзгөнү айтылууда.

Учурда Кылмыш жана жаза кодексинин 164-беренесинин (Уурулук) негизинде кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0