Кыргызстандан барган жаран Санкт-Петербургда тамдын чатырынан кулап каза болду

© Sputnik / Рамиль Ситдиков / Медиабанкка өтүүЧатырды кардан тазалап жаткан адам. Архив
Чатырды кардан тазалап жаткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тергөөнүн айтымында, жаран белине байлаган тростун үзүлүп кеткенинен улам кулап түшкөн. Ал үйдүн чатырын кардан тазалап жатканы белгилүү болду.

БИШКЕК, 21-янв. — Sputnik. Кыргызстандан барган жаран Санкт-Петербург шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринен кулап кеткени Россиянын аталган шаар боюнча Тергөө комитетинин расмий сайтында жарыяланды.

Россиянын ӨКМ кызматкерлери өрт өчүрүү маалында. Архив - Sputnik Кыргызстан
Россия полициясы Иркутскидеги өрттөн кыргызстандык бөбөктөрдү куткарды
Анын жансыз денеси Грибоедов каналынын жээгинде жайгашкан үйлөрдүн биринин жанынан табылган. Текшерүүнүн натыйжасында аталган жаран №19 үйдүн чатырын кардан тазалап жатканда белине байлаган трос үзүлүп кулап кеткени белгилүү болду. Натыйжада алган жарааттарынан улам ал каза болгон.

Тергөө комитети тергөөгө чейинки иликтөөнүн жыйынтыгы менен процессуалдык чечим кабыл алына турганын маалымдады.

Жаңылыктар түрмөгү
0