Көлдө 13 кг. марихуананы күрмөсүнүн ичине катып жүргөн жаран кармалды

© Sputnik / Юрий Абрамочкин / Медиабанкка өтүүМарихуана. Архив
Марихуана. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин бир нече ирет соттолуп чыккан жаран 42 жашта жана Бактуу-Долоноту айылынын жашоочусу экени аныкталган.

БИШКЕК, 20-янв. — Sputnik. Ысык-Көлдүн Бактуу-Долоноту айылында күрмөсүнүн ичине 13 килограмм марихуана катып жүргөн жаран кармалганын ИИМ билдирди.

Маалыматка ылайык, 42 жаштагы жаран буга чейин бир нече ирет соттолуп чыккан ушул айылдын тургуну экени аныкталган. Ал баңгизатты эки капка шыкай толтуруп, аны күрмөсүнүн ичине катып алган. 

© пресс-служба МВД КРОбнаруженный у гражданина оперативниками 13 кг. наркотического вещества (марихуана).
Обнаруженный у гражданина оперативниками 13 кг. наркотического вещества (марихуана). - Sputnik Кыргызстан
Обнаруженный у гражданина оперативниками 13 кг. наркотического вещества (марихуана).

Учурда кармалган адам Ысык-Көл РИИБ тергөө бөлүмүнө өткөрүлүп, ал жерден кылмыш иши козголду. 

Жаран убактылуу кармоочу жайга камакка алынып, тергөө амалдары жүрүп жатканы белгилүү болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0