Кадамжайда кумар оюндарын өткөрүүчү жай табылды

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүКумарканада. Архив
Кумарканада. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Баяман баатыр" соода түйүнүнүн жанында жайгашкан кумаркананы текшерүү маалында андан карталар, кутулар табылган.

БИШКЕК, 20-янв. — Sputnik. Баткендин Кадамжай районундагы Халмион айыл аймагында кумар оюндарын өткөрүүчү жай табылганын Финансы полициясы билдирди.

Маалыматка ылайык, "Русское лото" деп аталган аталган жай аймактагы "Баяман баатыр" базарынын жанында жайгашкан.

Текшерүү учурунда 76 оюн карталары, 90 куту жана 1080 сом өлчөмүндөгү байге фонду үчүн каралган акча алынган.

Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары башталды.

Жаңылыктар түрмөгү
0