Чек арадан уулун кыздын күбөлүгү менен алып өтүүгө аракет кылган казак аял кармалды

Жазылуу
Аялдын Казакстандан Кыргызстандын аймагына келе жатканы белгилүү болду. Көзөмөлдөн өтүп жатып, ал ымыркайына бир жаш улуу кыздын метрикасын көрсөткөн.

БИШКЕК, 19-янв. — Sputnik. Кыргыз-казак чек арасынан жаңы төрөлгөн ымыркайды башка бирөөнүн күбөлүгү менен алып өтүүгө аракет кылган казакстандык аял кармалганын Мамлекеттик чек ара кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, окуя "Кең-Булуң — автодорожный" өткөрүү пунктунда болгон. Көзөмөлдөн өтүү учурунда Казакстандан келе жаткан жаран ымыркайы үчүн бир жаш улуу кыздын метрикасын көрсөткөн. 

Тийиштүү документтер толтурулгандан кийин мамлекеттик чек араны бузган аял ИИМдин аймактык бөлүмүнүн кызматкерлерине өткөрүп берилди.

Жаңылыктар түрмөгү
0