Россия полициясы Иркутскидеги өрттөн кыргызстандык бөбөктөрдү куткарды

© Sputnik / Виталий Белоусов / Медиабанкка өтүүРоссиянын ӨКМ кызматкерлери өрт өчүрүү маалында. Архив
Россиянын ӨКМ кызматкерлери өрт өчүрүү маалында. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Иркусткиде жашаган кыргызстандыктын үйүнө келген мейманы аны бычактап, үйүн өрттөп качып кеткен. Жалындаган имаратта үй ээсинин эки баласы уктап жаткан.

БИШКЕК, 18-янв. — Sputnik. Россия ИИМине караштуу "Иркутское" муниципалитеттер аралык башкармалыгы ишемби күнү өрттөн кыргызстандык эки кичинекей баланы алып чыккан. Бул туурасында ИИМдин Иркустк облусу боюнча Башкы башкармалыгынын өкүлү Юрий Ильенко билдирди.

Анын айтымында, старшина Егор Шилов менен ага сержант Петр Шагинов кырсык болгон жерге аймакты курчоо жана өрт өчүрүү техникасынын жолун ачууга келишкен. 

Аларга аял кайрылып, күйүп жаткан үйдү анын 1,5 жаштагы жана 6 айлык эки кичинекей баласы калганын айткан. 

"Өрт үйдүн жарымын жана чатырынын бир бөлүгүн каптап калган. Полиция кызматкерлери үйгө кирип балдарды алып чыгып, "Тез жардам" кызматкерлерине өткөрүп беришкен", — деди Ильенко.

Келген өрт өчүрүүчүлөр жалынды басууга жетишкен. Башкармалык балдарды сактоодо көрсөткөн кесипкөйлүгү жана чечкиндүү аракеттери үчүн полиция кызматкерлери сыйлана турганын белгиледи.

Россиянын Иркутск облусу боюнча тергөө комитетинин өкүлү Карина Головачева өрт өчүрүлгөндөн кийин үйдөн кыйнап өлтүрүлгөн 33 жаштагы жарандын сөөгү табылганын билдирди.

"Алдын ала маалымат боюнча табылган жаран кыргызстандык болгон. Учурда Россиянын Кылмыш жана жаза кодексинин 105-беренесинин ("Киши өлтүрүү") негизинде кылмыш иши козголду. Өрттөн аман калган ымыркайлар да Кыргызстандын жарандары экени белгилүү болду", — деди Головачева.

Өрт өчүрүүчү шланг.  Архив - Sputnik Кыргызстан
Ошто эки адам өрттөн кийин аман калды
Полиция кызматкерлери кырсыкка балдарын полиция кызматкерлери сактап калган балдардын 32 жаштагы энеси күбө экенин айтууда.

Тергөөнүн билдирүүсүндө, 16-январга караган түнү өрттөнгөн үйдө аял-эркектер арак ичип отурушкан. Дасторкон үстүндө чыр чыгып, меймандардын бири үй ээсине жана дагы бир эркек адамга бычак урган. Алган жарааттарынан улам, жабырлануучулардын бири каза болуп, экинчиси ооруканага жеткирилген. Чатактан кийин айыпкер үйгө өрт коюп, из суутуп кеткен.

Головачева качкандарды кармоо үчүн бардык аракеттер көрүлүп жатканын белгиледи. Тергөө амалдары улантылууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0