Көлдө 0,5 килограммга чукул марихуана менен чүйлүк жаран кармалды

© Sputnik / Руслан Кривобок / Медиабанкка өтүүМарихуана. Архив
Марихуана. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда ага карата кылмыш ишин козгоо боюнча маселе каралып, иликтөө иштери улантылып жатат.

БИШКЕК, 15-янв. — Sputnik. Ысык-Көлдүн Кара-Ой айылынан жанында баңгизат алып жүргөн Чүйдүн 23 жаштагы тургуну кармалганын ИИМ билдирди. 

Маалыматка ылайык, тинтүү учурунда аталган жарандан баңгизат табылып, экспертизанын жыйынтыгы менен анын 412 грамм өлчөмүндөгү марихуана экени аныкталган.

Учурда кармалган жаранга карата кылмыш ишин козгоо боюнча маселе каралып, иликтөө иштери улантылып жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0