Көчө тазалап жүргөн 75 жаштагы аялды коюп качып кеткен айдоочу колго түштү

© Sputnik / Виталий Белоусов / Медиабанкка өтүүКишенчен киши. Архив
Кишенчен киши. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аял ооруканадан көз жумган. Ал эми кармалган айдоочу өз аракетин абдан коркуп кеткени менен түшүндүргөн.

БИШКЕК, 15-янв. — Sputnik. Бишкектин Түштүк магистралы аймагында көчө тазалап жүргөн "Тазалык" ишканасынын кызматкерин коюп кеткен айдоочу кармалганын Жол кайгуул кызматы билдирди.

Темир жол. Архив - Sputnik Кыргызстан
Локомотив менен кагышкан бензин ташуучу автоунаа оодарылып кеткен
Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 13-январында магистраль менен батыш тарапты көздөй кетип бара жаткан 34 жаштагы айдоочу көчө боюн тазалап жаткан 75 жаштагы аялды коюп, из жашырып кеткен. "Тазалык" муниципалдык ишканасынын кызматкери алган жарааттарынан улам ооруканадан каза болгон.

Ыкчам-иликтөө иш-аракеттеринин натыйжасында кылмышка шектүү катары Бишкек шаарынын тургуну кармалган. Тергөө учурунда ал кырсык болгон жерден коркуп кеткендиктен качып кеткенин айтты. Аялды коюп кеткенден кийин жаран жумушуна кетип калган.

Учурда материалдар Бишкек ШИИБ тергөө бөлүмүнө берилди.

Жаңылыктар түрмөгү
0