Данияга окууга жиберем деп алдап жарандардын акчасын алып жүргөн аял кармалды

Жазылуу
Милиция Ибраеванын бир топ алдамчылыкка тиешеси бар экенин айтып, тургундарды сак болууга чакырат.

БИШКЕК, 14-янв. — Sputnik. Адамдар менен таанышып, ишенимине киргенден кийин акчасын алып ошол боюнча дарексиз кеткен Ысык-Ата районунун 36 жаштагы тургуну Асел Ибраева кармалганын Бишкек ШИИБ билдирди.

Акча берүү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Үй алып берем деп КР жарандарын сызга отургузуп кеткен тажик аял кармалды
Маалыматка ылайык, Ибраева өзүн "Ырайым" фондусунун кызматкери катары тааныштырып, адамдарды жумушка орноштуруп, андан соң билим алуу үчүн Данияга жөнөтүүнү убадалап келген. 

Бирок акчаны алгандан кийин дайын-дарексиз кеткен Ибраеваны милиция кызматкерлери Бишкек тургунунун арызы боюнча издей баштаган. Шылуун аялдын 1132 долларын алып кеткени белгилүү болду.

Ыкчам-иликтөө иш-аракеттеринин натыйжасында Ибраева кармалып, тергөө амалдары жүрүп жатат. Милиция анын бир топ ушу сыяктуу кылмыштарга тиешеси бар деп айтууга болорун белгилөөдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0