Юстиция министрлигинин эксперти маңзат үчүн 16 жылга кесилди

© AFP / Gil Cohen Magen/POOLСот балкасы. Архив
Сот балкасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аталган министрликтин соттук экспертизалардын мамлекеттик борборунун эксперти болуп иштеген жаран тергөө жана сот органдарынан келген маңзатты алып, башкаларга сатып келгени аныкталган.

БИШКЕК, 14-янв. — Sputnik. Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, маңзаттарды сатып келген Кыргызстандын Юстиция министрлигинин алдындагы соттук экспертизалардын мамлекеттик борборунун эксперти Николай Иксанов 16 жылга кесилди. Бул тууралуу Жогорку соттун маалымат кызматы билдирди.

Мексика наркобарон "Коротышканы" АКШга экстрадициялоо иштерин баштады
Маалыматка ылайык, Бишкек шаардык Биринчи Май райондук соту 1980-жылы туулган Иксановду Кылмыш жаза кодексинин 304чу (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу), 247-беренелери (маңзатты мыйзамсыз жасоо, сатуу, сактоо) менен күнөөлүү деп тапкан.

Соттолгон Иксанов Юстиция министрлигинин алдындагы соттук экспертизалардын мамлекеттик борборунун эксперти болуп иштеп турганда сот жана тергөө органдарынан экспертизага келген маңзаттарды башка жактарга саткан. 

Тактап айтканда, 2015-жылы 17-июнда Токтогул жана Эркиндик гүл багынан бир жаран кармалып, анын жанынан 37,5 грамм нашаа табылган. Ал аны Иксановдон мыйзамсыз түрдө жети миң сомго сатып алганы аныкталган. Ушул эле күнү Маңзаттарды мыйзамсыз сатууга каршы күрөшүү башкармалыгынын кызматкерлери Иксановдун иш бөлмөсүнө барганда ал өз ыктыяры менен жети миң сомду, эки килограммга жакын героинди, 900 граммдай нашааны катып койгон жеринен алып чыгып берген. 

Жаңылыктар түрмөгү
0