12:39 12 Бештин айы 2017
Түз эфир
Кол кишенчен адам. Архив

Бишкекте таксистти эс-учунан тандыра сабап унаасын айдап кеткендер кармалды

© Sputnik / Виталий Белоусов
Окуялар
Кыскача шилтеме алуу
129 0 0

Жүргүнчүлөр таксиге "Дордой" базарынын түшүп, Жибек Жолу менен Тоголок Молдо көчөлөрүнүн кесилишине жеткирип коюуну өтүнүшкөн. Жолдон аны токтотуп, айдоочуга кол салып, машинасын айдап кетишкен.

БИШКЕК, 13-янв. — Sputnik. Бишкекте таксистти сабап унаасын айдап кеткендердин бирөөсү кармалганын ШИИБ билдирди.

Маалыматка ылайык, былтыркы жылдын 25-декабрында түнкү саат 2.00дө азиат улутундагы 20-25 жаштагы белгисиз адамдар "Дордой" базарынын жанындагы мечиттин жанынан "Хонда Цивик" унаасына келип, Жибек Жолу менен Тоголок Молдо көчөлөрүнүн кесилишине жеткирип коюуну өтүнүшкөн. 

Жолдон жүргүнчүнүн бирөөсү өзүн жаман сезип жатканын айтып, караңгы көчөгө токтоттурат. Айдоочу унааны токтоткондон кийин белгисиздер ага кол салып, сабап, ал эс-учун жоготкондон кийин унааны айдап кетишкен.

Бул факт боюнча Свердлов РИИБ "Адам уурдоо", "Каракчылык", "Унаага мыйзамсыз ээлик кылуу" беренелеринин негизинде кылмыш иши козголуп, иликтөө иштеринин аркасында кылмышка шектүү катары 20 жаштагы Дастан аттуу жаран кармалган. 

Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилип, кылмыштын башка катышуучуларын издөө аракеттери көрүлүп жатат.

Тема боюнча

Курут уурдайм деп куруганда. Экөө кармалып, дагы экөө издөөдө
Баткендеги мугалимди аткан киши эки суткадан бери изделүүдө
Белгилер:
милиция, айдоочу, уурулук, такси, Бишкек
Колдонуу эрежелериПикирлер

ЭҢ МААНИЛҮҮ