Кыргызстандын түштүк аймагында жер титиреди

Жазылуу
Алдын ала алынган маалыматтар боюнча кыйроолор жана жабыркагандар жок.

БИШКЕК, 13-янв. — Sputnik. Кыргызстандын Ош шаарынан 500 чакырым түштүк-батыш тарапта түндө саат 2.04төр чамасында жер титиреп, анын күчү түштүк аймакта 3 баллга чейин сезилген. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жер титирөөнүн очогу Афганистанда катталган. Очогунда жердин силкинүүсү 7 баллга жеткен.

Алдын ала алынган маалыматтар боюнча Кыргызстандын аймагында кыйроолор жана жабыркагандар жок.

Жаңылыктар түрмөгү
0