Бишкек — Ош унаа жолундагы Абла суусуна 13-14 тонна бензин төгүлдү

© Фото / пресс-служба МЧС КРНа автодороге Бишкек - Ош перевернулся бензовоз
На автодороге Бишкек - Ош перевернулся бензовоз - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин билдирүүсү боюнча май ташыган унаа жолдон чыгып аласалып кеткен. Натыйжада төмөн жактагы элди ичүүчү суу менен камсыздап келген дарыя токтотулду.

БИШКЕК, 13-янв. — Sputnik. Чүй облусунда май ташуучу унаа оодарылып, ичүүчү суу убактылуу токтотулганын ӨКМ билдирди.

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 12-январында саат 11.48 чамасында Бишкек — Ош унаа жолунун 116-чакырымында (Жайыл району) "ДАФ" үлгүсүндөгү май ташуучу унаа 38 тонна күйүүчү май (бензин) алып бара жатып, жолдон чыгып, оодарылып кеткен. Анын кесепетинен Абла суусуна болжол менен 13-14 тонна күйүүчү май төгүлгөн. 

© пресс-служба МЧС КРЧүй облусунда май ташуучу унаа оодарылып, ичүүчү суу убактылуу токтотулганын ӨКМ билдирди
1/3
Чүй облусунда май ташуучу унаа оодарылып, ичүүчү суу убактылуу токтотулганын ӨКМ билдирди
© пресс-служба МЧС КРАнын кесепетинен Абла суусуна болжол менен 13-14 тонна күйүүчү май төгүлгөн
2/3
Анын кесепетинен Абла суусуна болжол менен 13-14 тонна күйүүчү май төгүлгөн
© пресс-служба МЧС КРБүгүн түнү саат 03:00 чамасында менчик крандын жардамы менен унааны жолдон чыгарылды. Кырсыктан унаанын айдоочусу жабыркаган эмес.
3/3
Бүгүн түнү саат 03:00 чамасында менчик крандын жардамы менен унааны жолдон чыгарылды. Кырсыктан унаанын айдоочусу жабыркаган эмес.
1/3
Чүй облусунда май ташуучу унаа оодарылып, ичүүчү суу убактылуу токтотулганын ӨКМ билдирди
2/3
Анын кесепетинен Абла суусуна болжол менен 13-14 тонна күйүүчү май төгүлгөн
3/3
Бүгүн түнү саат 03:00 чамасында менчик крандын жардамы менен унааны жолдон чыгарылды. Кырсыктан унаанын айдоочусу жабыркаган эмес.

Абла суусу убактылуу токтотулуп, суунун зыяндуулугун аныктоо максатында Мамлекеттик экотехинспекциясы тарабынан үлгү алынып, анын жыйынтыгы чыгарыла элек. 

Абла дарыясынын бензин төгүлгөн жеринин төмөн жагынан Талды-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Кайырма, Бөксө-Жол, Бекитай айылдары жана Сосновка айыл өкмөтүнө караштуу Сосновка айылдарынын калкы ичүүчү суу менен камсыздалат. 

Бүгүн түнү саат 03:00 чамасында менчик крандын жардамы менен унааны жолдон чыгарылды. Кырсыктан унаанын айдоочусу жабыркаган эмес.

Жаңылыктар түрмөгү
0