Стамбулда бомба жардырган жанкечтинин ким экени аныкталды

© REUTERS / OSMAN ORSALСтамбулдагы жардыруу болгон жердеги эксперттер.
Стамбулдагы жардыруу болгон жердеги эксперттер. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Стамбулдун туристтер көп жүргөн Султан Ахмед мечитинин жанында жанкечти бомба жардырып, 10 киши каза болуп, 15 киши жаракат алган. Түрк президенти Эрдоган бомбаны сириялык жанкечти жардырганын билдирди.

БИШКЕК, 12-янв. — Sputnik. Стамбулдун Султан Ахмед мечитинин жанындагы жардырууну 1988-жылы туулган сириялык жанкечти жасаганын Түркиянын вице-премьер-министри Нуман Куртулмуш билдиргенин Sputnik Turkiye билдирди.

Вице-премьер каза болгондордун көбү чет элдиктер экенин айтып, 2 кишинин абалы оор экенин кошумчалады.

Андан сырткары Түркиянын коопсуздук кызматтары жардыруунун артында "Ислам мамлекети" болушу ыктымалдыгы жогору болуп жатканын Рейтерс маалымат агенттигине билдиришкен.

Кыргызстандын Стамбулдагы башкы консулдугу жаракат алгандардын арасында кыргызстандыктар жок экенин билдирген.

Жаңылыктар түрмөгү
0