Эрдоган Стамбулдагы жардырууну сириялык жан кечти жасаганын айтты

© AFP / OZAN KOSEСтамбулдагы жардыруу болжон жердеги полиция кызматкерлери. Архив
Стамбулдагы жардыруу болжон жердеги полиция кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган Султан Ахмед аянтында болгон теракты сындады. Жардыруудан 10 киши каза болуп, 15 киши жаракат алганын кошумчалады.

БИШКЕК, 12-янв. — Sputnik. Түрк президенти Режеп Тайип Эрдоган Стамбулдун борборундагы Султан Ахмед аянтында болгон жардырууну сынга алып, аны сириялык жан кечти ишке ашырганын билдирди.

Бүгүн эртең менен Султан Ахмед аянтындагы трамвай аялдамасында жардыруу болгон. Окуя болгондон кийин аталган аймак курчоого алынып, коопсуздук чаралары көрүлгөн.

"Сириялык жан кечти жасаган жардырууну кескин сындайм. Каза болгон он кишинин ичинде Түркиянын жана чет элдик жарандар бар. Жарадар болгондордун саны 15", — деп Эрдоган билдирди.

Кыргызстандын Стамбулдагы башкы консулдугунан маалымдашкандай, алдын ала маалыматтар боюнча жаракат алгандардын арасында кыргызстандыктар жок.

Жаңылыктар түрмөгү
0