Локомотив менен кагышкан бензин ташуучу автоунаа оодарылып кеткен

© Sputnik / Юрий Лашов / Медиабанкка өтүүТемир жол. Архив
Темир жол. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кырсык Панфилов районундагы Кайыңды айылындагы Кант заводунун аймагында катталган.

БИШКЕК, 12-янв. — Sputnik. Панфилов районундагы Кант заводунун аймагында темир жолдо КамАЗ үлгүсүндөгү бензовоз локомотивди сүзүп, оодарылган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жерге жети куб бензин төгүлгөн. Өрт өчүрүүчүлөр күйүүчү майды башка бензин ташуучу автоунаага куюшкан.

Оодарылган бензин ташыган машинада 20 тонна күйүүчү май болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0