Бишкек — Ош унаа жолундагы кырсыктан 5 адам каза болду

© Sputnik / Табылды КадырбековТөө-Ашуудагы автожолундагы унаалар. Архив
Төө-Ашуудагы автожолундагы унаалар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Каза болгондордон тышкары ооруканага алты адам жеткирилди. Анын ичинде 7 жаштагы бала бар. Карама-каршы тилкеге чыга калган айдоочу кармалды.

БИШКЕК, 11-янв. — Sputnik. Бишкек — Ош кан жолундагы кырсыктан беш жүргүнчү каза болгонун Жол кайгуул кызматы билдирди.

Катуу ылдамдыкта келе жаткан Лексус автоунаасы Бишкектен аялды коюп кетти
Маалыматка ылайык, кырсык 10-январь күнү саат 19.00дө болгон. 31 жаштагы Аскар аттуу айдоочу "Хонда – Степвагон" унаасы менен чыгышты көздөй келе жатып, жолдун 168-чакырымында карама-каршы тилкеге чыга калып "Мерседес-Бенц V220" үлгүсүндөгү унаа менен сүзүшкөн. 

Натыйжада "Мерседестин" 50 жаштагы айдоочусу менен бирге машинанын ичиндеги 15 жаштагы Асел, 63 жаштагы Турдубаев жана дагы эки эркек, бир аял киши каза болгон. 

Мындан тышкары, дагы жети киши Жайыл райондук ооруканага жеткирилди, алардын арасында жети жашар бала бар. 

Учурда "Хонданын" айдоочусуна карата кылмыш иши козголду. Айдоочу камакка алынып, тергөө иштери башталды.

Жаңылыктар түрмөгү
0