Жайылда жол кырсыгы эки адамдын өмүрүн алып кетти

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүТез жардам автоунаасы. Архив
Тез жардам автоунаасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жол кырсыгынан дагы тогуз адам жаракат алып, алар Кара-Балтадагы шаардык ооруканага жеткирилди.

БИШКЕК, 11-янв. — Sputnik. Жайыл районунун аймагында болгон жол кырсыгы эки кишинин өмүрүн алып кетти. Бул туурасында Өзгөчө кырдалдар министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Авария кечээ кечинде Бишкек — Ош автожолунда болгон. "Хонда Степваген" менен "Мерседес Вито" автоунаалары сүзүшүп, анын кесепетинен эки киши каза болуп, тогузоо жаракат алган. 

Кырсык болгон жерге келген куткаруучулар каза болгондордун сөөгүн милицияга өткөрүп берип, жаракат алгандарды Кара-Балта шаарындагы борборлоштурган ооруканага жөнөттү.

Жаңылыктар түрмөгү
0