Татарстанда эне беш баласы менен өрт кырсыгынан каза болду

© Sputnik / Владимир Федоренко / Медиабанкка өтүүӨрт өчүрүүчү. Архив
Өрт өчүрүүчү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Старый Кувак кыштагында чыккан өрттүн себебин тергөөчүлөр аныктоодо. Алдын ала маалыматтар боюнча өрт электр зымынын чыңалуусунан же отту олдоксон колдонуудан чыккан.

БИШКЕК, 9-янв. — Sputnik. Татарстанда беш ьаласы менен кошо эне өрттөн каза тапты. Кырсык боюнча иш козгогон тергөөчүлөр өрт электр зымынын чыңалуусунан же отту олдоксон колдонуудан пайда болгон деп болжолдошууда. Бул тууралуу Татарстан боюнча Россиянын тергөө башкармалыгынын басма сөз кызматы билдиргенин РИА Новости жазып чыкты. 

ӨКМ кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бир суткада өлкө аймагында 32 өрт кырсыгы катталып, бир киши каза болду
Буга чейин Татарстандын Лениногорск районуна караштуу Старый Кувак кыштагында чыккан өрт кырсыгын полиция иликтөөгө алганы маалымдалган. Мындан сырткары маркум аялдын 47 жаштагы жолдошу ооруканага жеткирилгени белгилүү болгон.

Кырсык боюнча РФнын кылмыш кодексинин 3-бөлүмүнүн 109-беренесинин (кылдатсыздыктын негизинде эки жана андан көп адамдын өлүмүнө себепкер) негизинде кылмыш иши козголду.

Маалыматка ылайык, үй-бүлөдө алты бала тарбияланып келген. Алардын бирөөсү кырсык болгон күнү чоң энесинин үйүндө конокто болгон. 

Басма сөз кызматы кошумчалагандай, учурда күбөлөр суракка алынууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0