Кымбат күрмөсүн тыттырган жаран милицияга кайрылды

Жазылуу
Шаардагы кафелердин биринен жыйырманын кырынан өткөн жаран отуз жаштагы жарандын кымбат баалуу күрмөсүн айрып салган.

БИШКЕК, 6-янв. — Sputnik. Бишкек шаарынын 30 жаштагы тургуну анын 600 долларлык күрмөсүн белгисиз жаран шаардагы кафелердин биринен бейбаштык кылып айрып салганын айтып, милицияга кайрылган. Бул тууралуу ШИИБдин маалымат кызматы билдирди.

Биринчи Май райондук ИИБдин кызматкерлери ыкчам издөө иш чараларынын негизинде 23 жаштагы шаар тургунун кармашкан. Иликтөө иштери улантылууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0