16:32 26 Баш оона 2019
Түз эфир
  • USD69.8159
  • EUR77.6004
  • RUB1.0582
Акча жана соска кармаган адам. Архив

Барскоондо жаңы төрөлгөн кызын 50 миң сомго сатып жиберген аялдын иши сотко өттү

© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Окуялар
Кыскача шилтеме алуу
36 0 0

Ымыркайдын энеси менен бирге кылмыш иши төрөт үйүнүн дарыгери, акушерине да козголгон. Учурда соттун кароосуна жөнөтүлдү.

БИШКЕК, 5-янв. – Sputnik. Ысык-Көл облусунун прокуратурасы Барскоон айылындагы төрөт үйүнүн дарыгери, акушерине карата козголгон кылмыш ишин тергеп бүтүп, Жети-Өгүз райондук сотко жибергенин Башкы прокуратура билдирди.

Маалыматка ылайык, 2014-жылдын 14-августунда аталган айылдагы төрөт үйүндө жергиликтүү тургун көз жарып, кыздуу болгон. Бирок дарыгерлер менен жең ичинен сүйлөшүп ымыркайды россиялык жаранга 50 миң сомго сатып жиберген. Мында документтердин баары чет элдик жаранга ылайыкташтырылган.

Бул боюнча Ысык-Көл облустук прокуратура көз жарган аялга, дарыгерге, төрөттү кабыл алган акушерге карата "Адам сатуу", "Адам сатууга катышуу", "Документтерди жасалмалоо" беренелеринин негизинде кылмыш иши козголгон. 

Учурда аталган иш соттук кароосуна жөнөтүлдү.

Тема боюнча

Статком энелер кайсы куракта ымыркайынан ажырап калышы мүмкүндүгүн айтты
Москвада алты айлык баласын терезеден ыргытып, артынан энеси кошо секирип өлдү
Белгилер:
акушер, Төрөт үйү, ымыркай, дарыгер, Барскоон

ЭҢ МААНИЛҮҮ