Чучук чуусу чет элдикке карата кылмыш ишин козгоого алып барчудай

Жазылуу
Жылкынын этинен жасаган чучукту аттын жыныстык мүчөсүнө теңеген "Кумтөр" алтын кенинин кызматкери учурда Караколдогу Ички иштер башкармалыгында отурат. Ага карата 299-берененин негизинде (Улуттук, расалык жана диний кастыкты козгогондугу үчүн) кылмыш иши козголушу мүмкүн.

БИШКЕК, 3-янв. — Sputnik. "Кумтөр" алтын кенинин кызматкери Майкл Макфитке карата кылмыш иши козголушу мүмкүн. Бул туурасында Тоо-кен компанияларынын Борбордук комитенинин кесиптер бирлигинин төрагасы Элдар Тажибаев Sputnik маалымат агенттигине билдирди.

Кечинде "Кумтөр" кенинин эмгек жамааты жетекчиликтин жана Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын өкүлдөрүнүн катышуусу менен жыйналыш өткөргөн. 

"Кумтөр Голд компани" ишканасынын кесиптер бирлигинин төрагасы Саламат Калмакиевдин айтымында, ишкана президенти Дэниэл Дежарден абалды түшүндүрүп, чууга кабылган кызматкери үчүн кечирим сурады. Ысык-Көл облустук ИИБ менен прокуратура кызматкерлери аталган факты боюнча 299-берененин негизинде (Улуттук, расалык жана диний кастыкты козгогондугу үчүн) кылмыш иши козголушу мүмкүндүгүн билдирди",— деп билдирди Тажибаев.

Анын айтымында, түнкү нөөмөт ишке киришти.

Чет элдиктерди таң калтырган кыргыз тамактары
Узап кеткен жылдын 30-декабрында алтын кен ишканасынын кызматкери Майкл Макфит социалдык тармакка комбинаттын тамак-аш столунда отурган сүрөтүн жарыялап, аны коштогон, кыргыздын улуттук тамак-ашынын бири — жылкынын чучугун аттын жыныстык мүчөсүнө салыштырган текстин жазган. Бул социалдык тармакта ар кыл маанайдагы пикирлерди, нааразычылыкты жараткан. Ал эми жооп иретинде "Кумтөр Голд компани" ишканасынын кызматкерлери иш таштап, андан сырткары атайын кат менен ИИМ, Башкы прокуратура жана УКМКга кайрылып, улуттук баалуулуктарды мазактаган чет элдикти жоопко тартууну талап кылышкан.

Ал эми Макфит социалдык тармактагы жазгандарын өчүрүп, кечирим сурап жаңысын койду.

Ал таңкы саат үчтө "Манас" эл аралык аба майданында милиция тарабынан кармалган.

Жаңылыктар түрмөгү
0