Ошто жаңы жылдык отурушта бычакташа кеткен өспүрүмдөрдүн бири каза болду

Жазылуу
Уруша кеткен балдардын бири экинчисине беш ирет бычак урган. Натыйжада жабырлануучу көп кан жоготуп, ооруканага жетпей көз жумду.

БИШКЕК, 2-янв. — Sputnik. Алай районунун Жошолу айылындагы жаңы жылдык отуруш 16 жаштагы өспүрүмдүн өлүмү менен аяктаганын ИИМ билдирди.

Кырсык 2015-жылдын 29-декабрында болгон.

"Жошолу айылынын 16 жаштагы жашоочусу ата-энеси үйдө жоктугунан пайдаланып, жаңы жылдык кече уюштурган. Анын жүрүшүндө балдар уруша кетип, бири экинчисине беш ирет бычак урган. Жабырлануучу көп кан жоготуп, ооруканага жетпей каза болду", — деп айтылат билдирүүдө.

Күбөлөрдүн көрсөтмөсүнүн негизинде кырсыкка шектүү жаран кармалып, учурда камакка алынды. Кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0