Башкы прокуратура Жол кайгуул кызматынын жетекчисин иштен алууну сунуштады

Жазылуу
Башкы прокуратура Жол кайгуул кызматынын башчысын жана аталган мекемедеги жооптуу кызматкерлерди бир катар жарандарга автоунаасынын терезесин караңгылатууга уруксат берген деп шектенип жатат.

БИШКЕК, 30-дек. — Sputnik. Кыргызстандын Башкы прокуратурасы ИИМге Жол кайгуул кызматынын башчысы Сергей Дьяченкону ээлеген кызматынан бошотуу боюнча сунуштады. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, атайын кызмат менен жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгында 2015-жылы автоунаалардын маңдайкы жана каптал терезелерин күңүрттөтүүгө уруксат берилгени аныкталган.

Автоунаанын эвакуацияга даярдоо. Архив - Sputnik Кыргызстан
Башкы прокуратура: сентябрдан берки унааларды эвакуациялоо мыйзамсыз жүргүзүлгөн
Өкмөттүн 2011-жылы чыккан токтомуна ылайык, автоунаалардын терезелерин караңгылатууга уруксат ыкчам аракеттерде колдонулган укук коргоо органдарынын жана атайын кызматтарды аткарган автоунааларга (инкассация, атайын байланыш) гана берилет

Башкы прокуратурадан маалымдашкандай, ИИМ Жол кайгуул кызматынын жетекчилиги жеке кээ бир адамдарга мындай уруксатты 2015-жылдын 31-декабрына чейинки мөөнөт менен берген.

Андан сырткары автоунаасын мыйзамсыз түрдө караңгылатып алган жарандарды аныктап, жоопко тартуу боюнча чараларды көрүү сунушталган.

Сергей Дьяченко учурда дарыланып жатканын айтып, бул боюнча кийинчерээк түшүндүрмө бере турганын Sputnik Кыргызстан маалымат агентигине билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0