Алайда 23 кг. баңгизат менен кылмыштуу топтун лидери "Зигзаг" кармалды

© Sputnik / Евгений Биятов / Медиабанкка өтүүКишенге алынган киши. Архив
Кишенге алынган киши. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Гашиш жана апийим унаага орнотулган кошумча бактагы жашыруун жайга салынып келген.

БИШКЕК, 29-дек. — Sputnik. Оштун Алай районунда баңгизат боюнча уюшкан кылмыштуу топтун "Зигзаг" каймана аттуу лидери кармалганын Баңгизатка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат билдирди.

Баңги-зат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Түштүктө 16 кг. апийим сатууга аракет кылган жаран кармалды
Маалыматка ылайык, Сопу-Коргон айылында "УАЗ" үлгүсүндөгү унаа токтотулуп, аны Тажикстандын 57 жаштагы жараны башкарып келген. Текшерүү учурунда унаага орнотулган кошумча бактагы жашыруун жерден скотч менен оролгон 17 пакет табылган. Экспертиза табылган зат 21,2 килограмм гашиш жана 1,9 килограмм апийим экени анык болду.

Бул кылмышка шектүү катары Оштун Кара-Суу районунун 51 жаштагы тургуну кармалды. "Зигзаг" каймана аты бар шектүү баңгизат боюнча уюшкан кылмыштуу топтун лидери болуп саналат. 

Учурда ал убактылуу кармоочу жайга камакка алынды.

Жаңылыктар түрмөгү
0